Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

Британияда бүгүн шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү


Өлкөнүн башкы үч саясий партиясы бүгүн али ыргылжың болуп турган шайлоочуларды өз тарабына тартуу үчүн акыркы аракетин көрөт. Коомдук пикирди сурамжылоонун соңку жыйынтыктары оппозициядагы консерваторлор бийликтеги лейбористтерден жана либерал –демократтардан алдыда экенине карабай, алар соңунда бирин-бирине куйрук улаш чыгуусу мүмкүн. Консервативдик партия акыркы он үч жылдан бери бийликте турган лейбористтерди жеңүүгө умутулганы менен аналитиктердин айтымында, либерал –демократтардын мурда күтүлгөндөн күчтүү өнөктүк жүргүзүүсүнөн улам парламенттик көпчүлүктү жалгыз партиянын алар-албасы азыр белгисиз болуп турат. Добуш берүү эртең өтөт.

XS
SM
MD
LG