Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

Евроаймактын лидерлери бирдиктүү акчанын тагдырына тынчызданышууда


Тынчыздануулар евроаймактагы он алты өлкөнүн бири, оор каржы каатчылыгына туш болгон Грекиядагы кечээги демонстрация үч адамдын өлүмү менен аяктаган соң айтылууда. Немец канцлери Ангела Меркел Европанын бирдиктүү акчасы жүгүртүүгө киргизилген 11 жылдан берки эң оор кризисти баштан кечирип жатканын белгиледи. Ал эми Финляндиянын премьер- министри Мати Ванханен Грекияга бир нече миллиард евро жардам көргөзүү деле евроаймакта каржылык олку-солкулукту токтотууну алдын ала албашын моюндады. Франция премьер – министри Франсуа Фийон евро каржы чайкоочулугунун обьектиси болуп калганын белгиледи.

Афинада кечээ полиция күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү колдонгон демонстранттарды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ жана сокку уруучу гранаталарды колдонду. Премьер- министр Георгиос Папандреу парламентте сүйлөгөн учурунда бейкүнөө үч адамдын өлтүрүлүшүн айыптады. Үч адам тополоң учурунда өрттөлгөн банк имараты ичинде каза тапкан.

Өлкөдө нааразылыктар өкмөт чыгымдарды кескин түрдө кыскартып жаткандыгына байланыштуу чыгууда. Ал чаранын алкагында айлык акылар менен пенсиялар тоңдурулуп, тескерисинче салыктардын өлчөмү көбөйтүлөт. Грек өкмөтү чыгымды үнөмдөө чараларын көрүүгө Эл аралык валюта кору менен евроаймакка кирген өлкөлөрдүн талабынан улам барып жатат. Алар Грекияны карыздын сазынан чыгаруу үчүн үч жыл ичинде 110 миллиард евро насыя берүүгө макул болушкан.

XS
SM
MD
LG