Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Грекия парламенти мамлекеттик чыгымдарды үнөмдөө боюнча чараларды жактырды


Өкмөт сунуш кылган мыйзам долбоорун парламенттин 172 мүчөсү колдоду, 121 каршы чыкты. Грек өкмөтү үнөмдөө чараларына Эл аралык валюта кору жана евроаймакка кирген өлкөлөрдүн талабы боюнча барууда. Алар карызга баткан Грекияга жалпысынан 110 миллиард евро өлчөмүндө насыя берүүгө макул болгон. Үнөмдөө чараларынын алкагында айлык акылар, пенсиялар көбөйтүлбөй, тескерсинче салыктардын айрым түрүнүн өлчөмү өсөт. Буга нааразы жүздөгөн адам кечээ парламент имаратына келгенде, полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Мунун алдында шаршемби күнү Афинадагы иш таштоонун аягы тополоңго айланып, үч адам каза тапкан.

XS
SM
MD
LG