Ким Чен Ир Кытайда болгондугу тууралуу кабарды бүгүн Түндүк Кореянын мамлекеттик маалымат каражаттары ырасташты. Адатта алар “улуу жолбашчынын” четтеги сейрек сапарлары тууралуу ал аман –эсен мекенине кайтып келгенге чейин айтышпайт. Түндүк Корея лидеринин брондуу поезди Кытайдын чек арасына барганы апта башында белгилүү болгон.