Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Евроаймактын лидерлери бүгүн Грекия боюнча жыйынга чогулат


Брюсселдеги жыйында карызга баткан Грекияга жардам көргөзүү боюнча 110 миллиард еврого эсептелген план биротоло аягына чыгарылышы керек. Бирок ошол эле учурда жогорудагыдай өлчөмдөгү насыя деле Грекияны банкроттуктан сактоого жетпей калуусу мүмкүн деген кооптонуу айтылууда. 110 миллиарддын 80нин евроаймактын 15 өлкөсү чыгарат, отузун Эл аралык валюта кору убада кылган. Грекияга евроаймактан берилүүчү насыянын эң көп бөлүгүн чыгарып жаткан Германиянын парламенти бүгүн акчаны ажыратууну караган мыйзамга добуш берген жатат. Ал эми АКШнын каржы министри Тимоти Гейтнер Грекияга жардам көргөзүү маселесин бүгүн Чоң жетинин тобуна кирген өлкөлөрдөгү кесиптештери менен талкуулайт.

Грекиянын өзүндө болсо парламент кечээ өлкөдөгү нааразылыктарга карабай насыя алуу үчүн талап кылынган үнөмдөө чараларын бекитти.

XS
SM
MD
LG