Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:24

Мысырда араб жазмасындагы интернеттик домендик аталыштар колдонула баштады


Мысырдын (Египеттин) Байланыш министрлиги интернетте домендик аталыштарды араб жазмасында да каттай баштаганын билдирди. Министрликтин өкүлүнүн айтымында, египеттик үч компания – ТЭ Дэйте, Водафоун Дэйте жана Линк Рэжистрэр (TE Data, Vodafone Data жана Link Registrar) компаниялары араб жазмасында домендик аталыштарды каттоо укугун алышты. Домендик аталыштардын этегинде “чекит мыср” деп жазылат.

Мындан алты ай мурда АКШда жайгашкан Интернеттик Каттоодо Колдонулчу Аталыштар жана Сандар Компаниясы латынча эле эмес, башка жазмаларда да, алардын ичинде иероглифтерде да интернеттик домендик аталыштарды колдонууга уруксат кылган чечим кабыл алган.

Серепчилердин айтымында, араб тилиндеги интернеттик желе дүйнөлүк интернет желесинин жалпы көлөмүнүн болгону бир гана пайызын түзөт.

XS
SM
MD
LG