Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:05

Кылмыш жасаган өспүрүмдөр көбөйүп жатат


Абак жайларындагы абал тууралуу Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Таалай Нуралиев “Азаттыкка” маек курду.

- Апрелдеги кандуу окуялардан кийин абакта отургандардын айрымдары сыртка чыгып кеткен деген маалымат айтылып келет. Бул маалыматты тактап бересизби?

Таалай Нуралиев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик жаза аткаруу мекемелеринде кырдаал тынч. Сиздин айткандарыңыз бул чындыкка жатпайт. Анткени кандай саясат болгон күндө да биздин жаза аткаруу мекемелери тынч болгон. Биздин кызматкерлер өз милдетин так жана түз аткарганга бүгүнкү күндө багыт алган.

- Жакында эле жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жүздөй кызматкери сиздин дайындалганыңызга нааразы болуп акция чыгышты эле. Алар сизге эмнеге нааразы болуп жатышат? Сиз алар менен жолугуп, талаптарын талкуулап,сүйлөшө алдыңызбы?

Таалай Нуралиев: Алар тартип бузган жана пенсияга кеткен кызматкерлер болгон. Кээ бир биздин кызматкерлер бүгүнкү күндө мамлекеттик жаза өткөрүү мекемелеринде кырдаалды өзгөртөбүз, башка жолго бурабыз деп саналып калды. Мен ал кызматкерлердин баарын чакырып сүйлөштүм, андай талапты алар колдогон жок.

- Түрмөдөгү абал канааттандырарлык эмес экени белгилүү, абалды оңдоо үчүн кандай чукул чаралар керек?

Таалай Нуралиев: Жаза аткаруу мекемелеринде кырдаал тынч. Өз жолу менен мыйзамдын негизинде тартиптүү өтүп жатат. Бирок 6-7-апрелдеги кырдаалда байкалды, жалгыз эле укук коргоо органдарынан жаза аткаруу мекемелери өз милдетин түз аткарганы үчүн жаман нерселер болгон жок го деп ойлойм.

- Убактылуу өкмөт мунапыс берүү тууралуу декрет кабыл алды. Сиздин оюңузча бул мунапыска кимдер биринчи кезекте илиниши керек?

Таалай Нуралиев: Мунапыс боюнча эки вариант бар болчу. Биринчиси, жаза аткаруу мекемелеринин кызматкерлери түзүлүп Адилет министрлигине жибергенбиз. Экинчиси болсо, бул Убактылуу өкмөттүн варианты болчу. Азыр эки вариант тең экспертизадан өтүп жатат. Мунапыска Убактылуу өкмөт кол коюп берсе, анан биз аткаруу алабыз.

- Азыр абактарда канча адам жатат?

Таалай Нуралиев: Бүгүнкү күндө мамлекеттик жаза аткаруу мекемелеринде 14750дөн ашык адам өз жазасын өтүп жатат.

- Ювеналдык юстиция боюнча демилгелер көтөрүлүп келет эмеспи, жашы жете элек кылмыш кылган өспүрүмдөрдү дароо абакка кармабай, жаза өтөөнүн башка түрлөрүн колдонуу боюнча. Ушул жаатта иштер кандай болуп жатат? Соңку учурда Кыргызстанда кылмышка аралашкан өспүрүмдөр көбөйүп жатканы айтылган?

Таалай Нуралиев: Бул нерсе бүгүн эле пайда болгон жок. Өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулук Кыргыз мамлекетинде көп катталат. Өзгөчө өтө оор кылмыштар. Биз процесске абал тынч убагына келгенде кайрылабыз деп ойлойм.

- Кыргызстанда өлүм жазасы алынып салынгандан кийин өмүрүнүн акырына чейин кесилгендерге абак куруу керектиги айтылды эле. Бул иштер азыр кандай болуп жатат?

Таалай Нуралиев: Ал маселе боюнча биздин Жаңы-Жер мекемебизде өлүм жазасы алмаштырылып, түбөлүк жаза өткөндөргө абак курулуп атат. Бүгүнкү күндө акча маселеси тартыш болгондуктан ал маселе азырынча чечиле элек. Кийинчерээк бул абак салыныш керек.

- Өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилген канча адам бар?

Таалай Нуралиев: Бүгүнкү күндө 208 адам.

XS
SM
MD
LG