Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:25

К.Бакиевди Жалал-Абаддан Таразга жеткирген учкучтар сыйланды


Экипаждын командири, Казакстандын коргонуу министрлигинин улук инспектору Игорь Бейлинге 2-даражадагы "Айбын" орденин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев өзү тапшырды. Бейлин журналисттерге билдиргендей, Курманбек Бакиевди Жалал-Абаддан жашыруун алып кетүү жана Таразга жеткирүү оепрациясы өтө татаал шарттарда уюшулган. Кыргызстан тарап алардын учагы өлкө аймагына киришине жана кийин Жалал-Абадда конушуна уруксат берген эмес, ошентсе да экипаж өз милдетин аягына чыгарууга бел бейлаган. Бейлинден башка беш учкучка Казакстандын атайын сыйлыктары коргоо министрлигинде тапшырылды.

XS
SM
MD
LG