Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Жеңиш күнүндө Алай районунда эстелик ачылат


Алай районунун акими Айтпай Жээналиевдин «Азаттыкка» маалымдашынча, Гүлчө кыштагындагы Жеңиш гүлбагына Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган эстелик ачылат. Мармар ташка кан майданга аттанып, кайтпай калган 3756 кишинин ысымы чегерилген. Борбордук стадиондо майрамдык оюн-зоок көрсөтүлүп, арабызда жашап жаткан 39 согуш ардагери сыйга бөлөнмөкчү. Жергиликтүү калк согуш ардагерлеринин катары жыл өткөн сайын суюлуп баратканына тызылдап, Өкмөт аларга бекер турак жай жана автоунаа тартууласа соопко калмак деп эсептешет. (ATo)

XS
SM
MD
LG