Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:45

Нарында Нариман Түлеевдин атынан ардагерлерге сый көрсөтүлдү


8-майда Нарын шаарындагы «Корона» ресторанында Улуу Ата Мекендик согуштун 39 ардагерине жана ардагердин эки жесирине Нариман Түлеевдин атынан сый тамак уюштурулду. Нарын шаардык депутаттар кеңеши райондогу 26 согуштун ардагерине Нарын районун ардактуу атуулу деген наамдарды беришти. Н. Түлеевдин атынан 41 ардагердин ар бирине миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды. Ардагерлер он жылга чукул аралыктан бери мындай иш чараны жыл сайын өткөрүп келе жаткан Н. Түлеевге ыраазычылыгын билдиришти. Жеңиш ээлерине Нарын райондук маданият үйүнүн таланттары ыр-күү тартууулашты. (JI)

XS
SM
MD
LG