Бул кабарды "Азаттыкка" Оксана Малеванаянын жакын жардамчыларынын бири тастыктады. Президенттик Катчылыктын мурдагы жетекчиси Оксана Малеваная кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен 4-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген болчу. Кыргызстандын укук коргоо органдары 7-апрелдеги кандуу булоонго анын дагы катышы бар деп шек санашууда. О. Малеванаянын адвокаты өз кезегинде ага коюлган күнөөлөрдүн эч бир негизи жок, эч бир далили жок, ошон үчүн анын ачкачылык жарыялагандан башка аргасы калбады деп маалымат каражаттарына билдирүү жасаган. (КС)