Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:32

Келаткан аптада УТРКнын Көзөмөл Кеңеши түзүлөт


Бул тууралуу Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева коомчулукка болгон кайрылуусунда билдирет. Анын айтымында, кийинки аптада Улуттук теле-радио корпорациясында жарандык коомчулуктун ишенимине ээ, ардактуу адамдардан турган Көзөмөл Кеңеши түзүлмөкчү.

“Мамлекет мындан ары биринчи каналды элдин башын айлантып, саясий атаандаштарын жаманатты кылуу үчүн колдонбойт”,- дейт Роза Отунбаева.

Эскерте кетсек, 2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги кулатылган маалда да УТРКны коомдук кылуу аракеттери жүрүп, кийинчерээк мурдагы президент Курманбек Бакиев бул боюнча берген убадаларын аткарган эмес эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG