Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:33

Британ консерваторлору менен диберал демократтары коалициялык өкмөт жаатындагы сүйлөшүүсүн улантат


Улуу Британияда 6-майдагы жалпы шайлоодо көбүрөөк добуш алууга жеткен оппозициядагы консерваторлор партиясы менен үчүнчү орунда келген либерал демократтар коалициялык өкмөт түзүү үчүн сүйлөшүүлөрүн улантууда.

Бүгүн торилердин лидери Дэвид Кэмерон менен либерал демократтардын жетекчиси Ник Клэгг кайрадан жолушушмакчы. Ишембиде (8-майда) алар бир сааттан ашуун сүйлөшүү жүргүзгөн.

Учурдагы өкмөт башчы, лейбористтердин лидери Гордон Браун торилер менен сүйлөшүүлөр майнапсыз болсо, анда коалициялык өкмөт түзүү жаатында либерал демократтар менен да сүйлөшүүдөн качпай турганын билдирди.

Соңку 36 жылдан бери алгачкы жолу Британияда парламенттик шайлоонун жыйынтыгында эч бир партия өз алдынча өкмөт түзүү үчүн бери дегенде 326 орун ала албай калган кырдаал түзүлдү. Бийликтеги лейбористтер 6-майдагы шайлоонун жыйынтыгында ээлеген орундарынын саны боюнча экинчи орунга түшүп калды.

XS
SM
MD
LG