Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:54

Пакистан: Талиптерге урулган соккудан 10 киши өлдү


Пакистандык уруулар жашаган Түндүк Вазиристан регионунда талиптерге караштуу имаратка ракета тийип, 10 киши набыт болгону маалымдалды. Маалымат булактарынын билдиришинче, ракетаны АКШлык пилотсуз учак аткан деп шектелүүдө. Набыт болгондордун ким экени жөнүндө азырынча маалымат жок.

Пакистандын түндүк-батышындагы Ооганстанга чектеш аймактагы талиптер менен “ал-Каиданын” жабыттарына Кошмо Штаттар акыркы айларда ондогон жолу пилотсуз учактардан сокку урган.

XS
SM
MD
LG