Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:58

Москвадагы парадга 75 кыргызстандык аскер катышты


Москвада өтүп аткан Улуу ата мекендик согуштун жеңишинин 65 жылдыгына Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева да чакырылып, Кыргызстандан Москванын Кызыл аянтында өткөн аскерий парадга Улуттук гвардиянын 75 кызматкери да барган. Бүгүн болгон аскерий парадда 75 Улуттук гвардиячы башка өлкөлөрдөн барган аскерлер менен кошо Кызыл аянттан өтүштү. Жеңиш парадын орусиялык теле каналдар түз ободо көрсөтүштү. Жеңиш парадына антигитлердик коалициядагы 20 өлкөнүн башчылары, ошондой эле ардактуу конок катары Германиянын канцлери Ангела Меркель күбө болушту. (IJz)

XS
SM
MD
LG