Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Нарындын Терек-Суу айлында эстелик ачылды


8-майда Ат-Башы районуна караштуу Терек-Суу айлында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган, мектеп короосуна тургузулган эстеликтин ачылуу аземи болду. Эстелик аталган мектептин 1985-жылкы бүтүрүүчүлөрүнүн демилгеси, каржылоосу менен тургузулду. Автомат көтөргөн жоокердин элеси түшүрүлгөн айкелге аталган айылдан Улуу Ата Мекендик согушка кеткен 136 адамдын аты-жөнү жазылган. Алардын 48и кан күйгөн согуштан аман-эсен кайтып келишкен дейт уюштуруучулардын бири Рыскадыр Иманалиев. Учурда айылда көзү тирүү төрт ардагер эстеликтин тасмасын кесишти. Курман болгон баатырларга минуталык эскерүү жана куран окутулду, ага улай апрель окуясында курман болгондорго да куран түшүрүлдү Райондук милиция асманга карай ок атты, аскер комиссариаты гүл чамбарларды коюшту. Облустун губернаторунун, райондун акиминин милдетин аткаруучуларга чакыруу берилгени менен алардын келбегенине эскерүү кеченин катышуучулары нааразы болушту. (JI)

XS
SM
MD
LG