Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:36

Ооган талиптери төрт аскерди мууздап кетти


Ооган армиясынын маалымдашынча, талипчи жоочулар 8-майда жамаатты коргогон төрт жоокерди мууздап, башын алып койгон. Армия башчысы Сайнидин Шарифинин сөзүнчө, бешинчи жоокер дайынсыз жок. Аскерлер өлкө батышындагы Синданд районунда аткылашуу маалында колго түшүп калган. Коалициялык күчтөр ошол замат согушчандарга сокку уруп, 10 жоочуну катардан чыгарган. Төрт согушчан жанкечтилик кылуу үчүн белине тагылган бомбага тийген октон өлдү, деп билдирди Шарифи.

XS
SM
MD
LG