Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:04

Британияда коалициялык өкмөт түзүү боюнча мунаса табыла элек


Өлкөдө консерваторлор менен либерал-демократтар коалициялык өкмөт түзүү боюнча сүйлөшүүлөрүн улантышты. Кечээ кезектеги сүйлөшүүлөр өттү. Өткөн бейшембиде Британияда парламентке шайлоо болгон. Анда бир да партия өз алдынча өкмөттү түзүүгө жетерлик добуш топтой албады. Ошондуктан жеңишке жетишкен консерваторлор азыр үчүнчү орундагы либерал-демократтарды өзүнө тартып, бирге коалициялык өкмөт курганга аракет кылып жатышат. Шайлоодо экинчи орунга түшүп калган премьер-министр Гордон Браундун лейбористтер партиясы болсо, азыр жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап болбосо, либерал-демократтар менен өзүнчө коалиция түзгөнгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG