Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Орусиядан ири көлөмдө майлоочу жана күйүүчү май келет


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кыргызстандагы нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы Базарбай Мамбетов кабарлады. Мындан сырткары Казакстандын Павлодар жана Чымкент нефт иштетүү ишканасынан да май келери күтүлүүдө. Б.Мамбетовдун айтымында, майдын баасы арзандар, арзандабасы азырынча белгисиз. Бирок өлкөдөгү күйүүчү жана майлоочу майдын запасы толукталып, жергиликтүү базарда мурдагы көлөмдөгү сатуулар кайрадан калыбына келтирилет. Ошондой эле нефтетрейдерлер ассоциациясынын башчысы май боюнча таңкыстык болбостугун кошумчалады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG