Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:49

Еврозонанын өлкөлөрү стабилдештирүү корун түзүштү


Анын жалпы көлөмү 750 миллиард евро өлчөмүндө аныкталды, анын 440 миллиарды - еврозонадагы өлкөлөрдөн, 250 миллиарды – Эл аралык валюта фондусунан, дагы 60 миллиарды Еврокомиссиянын чукул корунан түшөт. Бул фонд биздин орток валютаны чыңдоо жана сактоо үчүн түзүлдү. Евро аймак жана Европа союзу үчүн бул өнөгөсүз арга болду, бирок бизге өз валютабызды өзгөчө кырдаалдарда коргогонго туура келүүдө. Муну менен биз Германиядагы калктын каражаттын да коргоп жатабыз",-деп билдирди немец канцлери Ангела Меркел. Бул чечимден кийин евронун курсу жана негизги акциялардын баасы бүгүн эрте менен жогорулай баштады.

XS
SM
MD
LG