Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Браун Жумушчулар партиясынын башчылыгынан кетет


Британия премьер-министри Гордон Браун Жумушчулар партиясынын төрагалыгынан кетээрин билдири. Ал Лондондо кечээ жасаган билдирүүсүндө коалициялык өкмөттү түзүү боюнча Либерал-демократтык партия менен ырасмий сүйлөшүүлөр башталганын да маалымдады:

- Өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн туруктуу жана бекем принциптүү өкмөт керек десек, Жумушчулар партиясы жана Либерал-демократтык партия өз ара коалиция түзгөнү жакшы экени анык. Мен өзүмдү өкмөттү түзүү милдетинен бошотулушум керек деп санайм. Мындай (коалициялык) өкмөт Падышанын сөзүндө жана ишеним көрсөтүү боюнча добуш берүүлөрдө көпчүлүктүн колдоосун алат деп ойлом.

Жумушчулар партиясынын жаңы лидери сентябрдагы курултайда шайланууга тийиш.

6-майдагы жалпы элдик шайлоодо Консервативтик партия баарынан көп добуш алганы менен парламентте абсолюттук мандатка ээ боло албады. Ошон үчүн Либерал-демократтар партиясы менен коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүдө жана ЛДПнын төрагасы Ник Клеггдин шайлоо системасын реформалоо боюнча референдум өткөрүү сунушун колдоду.

XS
SM
MD
LG