Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

Кыргызстан Максим Бакиевди кармоого Латвиядан жардам сурады


Бул маалыматты Кыргызстандын Башкы прокуратурасынын басма сөз катчысы Улан Дыйканабев “Азаттыкка” тастыктап, эки өлкө ортосундагы келишимдердин негизинде Латвиянын Башкы прокуратурасына Максим Бакиевди кармоого жардам берүү өтүнүчү жолдонгонун билдирди. Анын айтымында, Интерполдун расмий маалыматы боюнча Максим Бакиев Латвияда жүргөт. Мындай өтүнүчкө азырынча Латвиядан жооп келе элек.

Бул арада Латвия кыргыз бийликтеринен кенже Бакиев боюнча кат алганын тастыктады. Бирок өлкө баш прокуроратурасынын өкүлү Андрейс Васкс эл аралык маалымат каражаттарына аларда Максим Бакиев Латвияда экени тууралуу маалымат жок экенин жана кыргыз тараптын кайрылуусу “түшүнүксүз жана карама-каршылыктуу” жазылганын белгилеген.(КЕ)

XS
SM
MD
LG