Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:09

“Ак жол” чек ара бекетинде адамдар чогулуп калды


“Ак жол” чек ара бекетинде Казакстанга өтө албай турган адамдардын саны 200-300гө жетти. Мындан сырткары Казакстан тараптан да өтө албай турган адамдар бар. Чогулгандар Убактылуу өкмөткө жалган маалымат таратты деп нааразы болушууда. Чек арадан өтө албай тургандардын өкүлдөрү Убакытуу өкмөт мүчөлөрүнө жолугуу үчүн Бишкекке кайтышканы кабарланууда. Бул тууралуу “Ак жол” чек ара бекетинде турган журналист Бакыт Орунбеков “Азаттыкка” кабарлады.

Өткөн жумадагы маалымат жыйынында Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Темир Сариев 11-майда кыргыз-казак чек арасы ачылаарын жарыялаган эле. Кыргыз-казак чек арасы 7-апрелден бери жабык. (КЕ)

XS
SM
MD
LG