Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

“Жалындуу жаштар” коомчулукту сабырдуулукка чакырат


“Жалындуу жаштар” коомдук бирикмеси 7-апрелден соң ар кандай максатта өтүп жаткан митинг, пикеттерди жакшы жорук эмес деп баалайт. Аталган бирикменин жетекчиси Бекназар Айталиев ушул багытта коомчулукка кайрылуу жолдой турганын “Азаттыкка” билдирди. Кайрылууда митинг өткөзүү бийликтен элдин мүдөөсүн талап кылуу эмес, бийликке күч көрсөтүү куралына айланып баратканы, мурдагы бийлик учурунда калыссыздык менен жабылган, тартылып алынган ишканалар болсо аны кайра кароого убакыт келээри жазылган.

Мындан сырткары алар коомдук коопсуздук кеңешин түзүү идеясы жакшы экенин, бирок аны мурдагы премьер-министр Феликс Куловдун жетектешине каршы экенин айтышууда. Бирикме жетекчиси Б. Айталиев Ф. Куловдун бул кеңешмени жетектешине моралдык да, саясий да, юридикалык да укугу жок деп эсептейт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG