Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:11

“Бүтүн Кыргызстан”: Убактылуу өкмөт кырдаалды өзү татаалдаштырууда


“Бүтүн Кыргызстан” партиясы бүгүн коомчулукка билдирүү жасады. Анда өлкө азыр оор учурду башынан кечирип, Убактылуу өкмөт болсо абалды толук көзөмөлдөй албай, мамлекетти башкарууда да, кадрдык саясатта да мүчүлүштүктөрдү кетирип жатканы белгиленген. “Мамлекеттик жогорку кызматтарга тажрыйбасыз адамдарды алып келип Убактылуу өкмөт өзү кырдаалды ого бетер татаалдаштырып, курчутуп, элдин нааразылыгын жаратып жатат”, - деп жазылган.

Ошондой эле Убактылуу бийликтин легитимсиз болуп жатканынан улам, дүйнөлүк коомчулук гуманитардык жардам берүү менен гана чектелип, аларды толук кандуу тааныбай жатканы белгиленген. Ошондой эле бардык саясий тараптарды, коомдук бирикмелерди бийликтин жаңы органдарын мыйзамдаштыруу үчүн биригүүгө жана артты карабай, алдыга жылууга чакырган.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясы өзүнүн штабын ачып иштей баштаганы мурдарак кабарланган. Партиянын жетекчиси – Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров. (КЕ)

XS
SM
MD
LG