Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:04

Отунбаеванын Ош сапары, оштуктардын ой-санаасы


Убактылууу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева бүгүн Ош шаарында түштүктүн активи жана коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда референдумга коюлуп жаткан Баш мыйзамдын долбоору кескин сынга кабылып, өлкөдө парламенттик диктатура орнойт деген кабатыр ой-пикирлер айтылды. Бирок Отунбаева мындай тынчсызданууга негиз жоктугун ачыктады.


Жыйындын катышуучулары адегенде апрель окуясынын убагында курман болгондорду бир мүнөтчө унчукпай эскеришти.

Сөз башында Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өлкөдөгү коомдук-саясий абал жалпы жонунан турукташып бараткандыгын, алыскы жана жакынкы мамлекеттер Кыргызстанга ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө ынтызар экендигин маалымдады.

Кыргызстан элдери Ассамблеясынын Оштогу төрагасы Абдыкадыр Сапарбаев жетекчилердин утур-утур алмашуусу иштин жүрүшүнө тоскоол этип жаткандыгын айтты. Укук коргоочу Абдыкайым Кангелдиев түштүк жергесинде абал кооптуу бойдон калып жаткандыгын туюндурду.

Жолугушууда бүткүл элдик талкууга алынып жаткан Конституциянын жаңы долбоору жөнүндо да сөз болду. Коомдук ишмер Азим Худайбердиевдин пикиринче, жердештери парламенттик башкарууга даяр эмес. Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков да мындай ойду кубаттады.

Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров "Баш мыйзамда кыргыздын руху, духу жок" деп билдирди.
Ал учурда талкууланып жаткан Конституция долбоору Кыргызстанды парламенттик диктатурага алып барарын баса белгилеп, референдумга ондогон долбоор коюлушу керектигин белгиледи.

Сурорлорго жооп кайтарып жатып, Роза Отунбаева өз кезегинде парламенттик башкарууга кыргыз мамлекети бышып жетилгендигин, андыктан кабатырланууга негиз жоктугун белгиледи.

Убактылуу Өкмөттүн башчысы ошондой эле Курманбек Бакиев сөзсүз Кыргызстанга кайтарылып, жасаган жоруктары үчүн жоопкерчиликке тартылаарын убады кылды.

XS
SM
MD
LG