Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Казакстан: 11-майда чек ара ачылат деген Кыргыз бийлигинин сөзү


6-7-апрелдеги окуяны иликтеген комиссия бүгүн "Ак жол" чек ара бекетинде болуп, абалды иликтеп келди. Бул тууралуу комиссия мүчөсү, "Кылым шамы" укук коргоо борборунун төрайымы Азиза Абдырасулов "Азаттыкка" кабарлады. Анын айтымында, чек ара дале болсо жабык, чектөөлөр мурдагы бойдон сакталууда. Комиссия мүчөлөрү Казакстан тарапка да өтүп, маселенин чоо-жыйын сураштырышкан. Казак тарап 11-майда чек ара ачылат деген кыргыз бийлигинин гана сөзү экенин, ачуу боюнча аларга маалымат түшпөгөнүн айтышкан.

Убактылуу өкмөттүн каржы жагын тейлеген орун басары Темир Сариев 8-майда маалымат жыйын өткөрүп, 11-майда кыргыз-казак чек арасы ачыларын кабарлаган болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG