Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Пакистан менен Индия июль айында сүйлөшүү өткөрөт


Индиянын тышкы иштер министри Кришна пакистандык кесиптеши Шах Мехмуд Куреши менен телефондон баарлашып, 15-июлда Исламабадга барууга чакыруу алганын маалымдады. “Болочок сүйлөшүүлөр эки өлкөнү жакындатууга жардамдашып, баарыбыз тилеген жакшылыкты апкелип, жемиштүү болот деп үмүт кыла туралы”, - деди Индиянын премьери кабарчыларга. Токтоп калган тынчтык сүйлөшүүсүн улантуу ниетин расмий Исламабад ырастады. 2008-жылдын ноябрь айында Мумбайдагы бомба жардыруулары 166 кишинин өлүмүнө алып келгенден кийин Индия Пакистан менен диалогдон баш тарткан.

XS
SM
MD
LG