Американын улуттук баскетбол ассоциациясы – NBA - Нью-Жерси командасын орусиялык миллиардер Прохоровго сатууга макул болду. Орусиялык эң бай адам аталган Михаил Прохоров NBAге мүчө команданы сатып алган Америка, же Канадалык эмес алгачкы чет өлкөлүк болмокчу. Нью-Жерси Нетс командасы 2009-2010-жылкы сезондо 12 жолу утуп, 70 ирет утулуп, Америкалык эң начар топтор тизмесине кирген.