12-май, Бишкек, ар кошкон митинг
![Жогорку Кеңештин алдындагы аянтка чогулгандар алгач 7-апрелде окко учкандардын арбагына багышталып окулган Куранга бата кылышты.](https://gdb.rferl.org/172cdcd5-b2bf-4b52-97a4-cac10ab68d25_w1024_q10_s.jpg)
1
Жогорку Кеңештин алдындагы аянтка чогулгандар алгач 7-апрелде окко учкандардын арбагына багышталып окулган Куранга бата кылышты.
![Эски аянтка митингге чогулгандардын басымдуу бөлүгү Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жактоочулары болду. Алар Н. Түлеевди кайра кызматына коюну талап кылышты.](https://gdb.rferl.org/bc2cb2d0-8f61-4feb-a9fd-5481f40faf07_w1024_q10_s.jpg)
2
Эски аянтка митингге чогулгандардын басымдуу бөлүгү Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жактоочулары болду. Алар Н. Түлеевди кайра кызматына коюну талап кылышты.
![Акциянын айрым катышуучулары мурдагы президент Курманбек Бакиевди таап келүү жана жоопко тартуу талабын коюшту.](https://gdb.rferl.org/1d6fbb2a-894a-4643-a371-de1e91f9d49e_w1024_q10_s.jpg)
3
Акциянын айрым катышуучулары мурдагы президент Курманбек Бакиевди таап келүү жана жоопко тартуу талабын коюшту.
![Митингде Убактылуу өкмөткө каршы ураандар да болду.](https://gdb.rferl.org/b27077b2-7bcb-41bb-9093-bbac4e4a698f_w1024_q10_s.jpg)
4
Митингде Убактылуу өкмөткө каршы ураандар да болду.
![Митингичилер Убактылуу өкмөттү бийлик портфелдерин бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатат деп сынга алышты.](https://gdb.rferl.org/d7db10a5-18c8-4c95-ad53-eee00087e083_w1024_q10_s.jpg)
5
Митингичилер Убактылуу өкмөттү бийлик портфелдерин бөлүштүрүү менен гана алек болуп жатат деп сынга алышты.
![Анда чогулгандарды сабырдуулукка чакыргандар да болду.](https://gdb.rferl.org/a3595ef4-6937-408b-a081-b9f0f38bc68d_w1024_q10_s.jpg)
6
Анда чогулгандарды сабырдуулукка чакыргандар да болду.
![Митингге баш-аягы үч миңдей адам катышканы айтылды.](https://gdb.rferl.org/558c9133-a53e-449a-a2e0-301d244dca95_w1024_q10_s.jpg)
7
Митингге баш-аягы үч миңдей адам катышканы айтылды.
![Нааразылыкка чыккандардын катары түштөн кийин суюла баштады.](https://gdb.rferl.org/280e4b73-27d6-40b1-b3b6-7e8fd55d8c3a_w1024_q10_s.jpg)
8
Нааразылыкка чыккандардын катары түштөн кийин суюла баштады.
![Кечки саат алтыга чукул парламенттин жанында эски аянтта Социал-демократтар партиясынын төрагасы, убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев баштаган эки миңден ашуун адам чогулду.](https://gdb.rferl.org/a9f5aa92-cf7b-4e2f-b4f4-13e1aa974462_w1024_q10_s.jpg)
9
Кечки саат алтыга чукул парламенттин жанында эски аянтта Социал-демократтар партиясынын төрагасы, убактылуу өкмөт башчынын орун басары Алмазбек Атамбаев баштаган эки миңден ашуун адам чогулду.
![Анда А. Атамбаев чыгып сүйлөп өлкөнү ыдыраткысы келген топтордун максаты ишке ашпайт деп билдирди.](https://gdb.rferl.org/317478bd-da2a-4ed7-98b9-c357485bf6c1_w1024_q10_s.jpg)
10
Анда А. Атамбаев чыгып сүйлөп өлкөнү ыдыраткысы келген топтордун максаты ишке ашпайт деп билдирди.
![Атамбаевдин жактоочулары алардын мурда эски аянтка чогулуп убактылуу өкмөткө каршы сүйлөгөндөрдү чагымчылар деп айыпташты.](https://gdb.rferl.org/89329ccf-41d0-4773-aa1f-88d42dc73d73_w1024_q10_s.jpg)
11
Атамбаевдин жактоочулары алардын мурда эски аянтка чогулуп убактылуу өкмөткө каршы сүйлөгөндөрдү чагымчылар деп айыпташты.