Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:55

А.Салымбеков “Ак жол” партиясынын мүчөлүгүнөн чыкты


Ал ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшырганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда саясий кырдаалды курчутпай, өлкөнүн коопсуздугу жана коомдун туруктуулугун камсыз кылуу зарыл. Экс-депутат азырынча тигил же бул партияга кирүү тууралуу оюу жоктугун белгиледи.

А.Салымбеков 1977-жылы Дене тарбия институтунда комсомолдун катчылыгынан Фрунзе шаардык кеңешинин базар башкармалыгынын жетекчилигине чейинки кызматта иштеген. 1993-жылы “Дордой” Ассоциациясын түзүп, 1999-жылы Нарын облусунун губернатору. 2005-жылы Жогорку Кеңешке “Алга, Кыргызстан” партиясы аркылуу депутат болуп, 2007-жылы кайрадан парламентке “Ак жол” фракциясынан депутаттыкка шайланган болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG