Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Бишкек шаарынын коменданты башка ишке өттү


“Ата Мекен” партиясынын Чүй облусундагы бөлүмүнүн башчысы Турат Мадылбеков Бишкек шаарынын комендантынан бошотулуп, анын ордуна Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Зарылбек Рысалиев дайындалды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Турат Мадылбеков өзү тастыктады. Анын айтымында, Убактылуу өкмөт ага финансылык чалгын кызматын жетектөөнү тапшырды.

7-апрел түнү Убактылуу өкмөт түзүлүп, Бишкек шаарынын коменданты болуп Турат Мадылбеков дайындалып, ага Бишкек шаарынын укук коргоо органдары, аскерлери толугу менен баш ийүүгө өткөн. (AJ)

XS
SM
MD
LG