Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстандын убактылуу өкмөтүнүн өтүнүчү менен гуманитардык жардам катары 909 миң доллар бөлүүгө даяр экенин билдирди. Каражат аталган уюмдун атайын мекемелери аркылуу сарпталмакчы. Ага ылайык, акчанын жарымы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмуна (ФАО) Кыргызстанга керектүү үрөн-урук сатып алуу үчүн берилет. 250 миң долларга Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму апрель окуяларында жабыркагандарга дары-дармек жөнөтөт. Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк боюнча программанын алкагында 160 миңдей долларга Кыргызстандагы балдар үйлөрүнө чукул жардам көрсөтүлөт. 93 миңин болсо БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары алат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. (EBM)