Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Исмаил Исаковдун Конституциялык долбоору тапшырылды


Исмаил Исаковдун “Азаттыкка” бүгүн билдирүүсүнө караганда, ал өзү тараптан даярдалган Конституциянын долбоорун Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевге тапшырды. Долбоордо президенттик-парламенттик башкаруу каралган жана Президент өкмөттү түздөн-түз жетектейт, Вице-президент кызматы болот. Ошондой эле негизги министрлерди Коргоо, Финансы министрлерин, Юстиция министри-Башкы прокурорду кызматка дайындоо жана кызматтан алуу парламент аркылуу ишке ашырылат. Ошол эле мезгилде күчтүү Жогорку Кеңеш болушу каралган. Маселен, президент бардык финансылык маселелерди Жогорку Кеңеш аркылуу гана чече алат. Жогорку Кеңештин бир депутаты дагы президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөрө алат.
Жогорку Кеңеш 105 депутаттан турат. Сот системасында Жогорку Сот, Апелляциялык сот жана Жергиликтүү сот системаларын түзүү каралаган.
Талдоочулар Исмаил Исаковдун долбоору АКШнын мамлекеттик түзүлүшүнө жакын экенин белгилеп жатышат.

XS
SM
MD
LG