Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Беларус Кыргызстандан элчисин чакыртып алды


Беларус тышкы иштер министрлигинин өкүлүнүн билдиргенине караганда, элчи менен кошо дипломаттардын баарынын мекенине чакыртылып алынышы коопсуздук жүйөөсүнө байланыштуу. Министрликтин басма сөз өкүлү Андрей Савинныхтын айтымында, элчилик Бишкектеги коопсуздук жагдайы мүмкүндүк бергенде гана ишин улантат. Анткени азыркы шартта элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугуна эч кепилдик жок. Беларус тараптын бул чечими белгилүү болор алдында бүгүн “Мекен шейиттери” кыймылы Белорус элчилиги алдына кезектеги акциясын өткөргөн эле. Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга өткөрүлүп берилишин көздөгөн пикетчилер алардын алдына элчи Виктор Денисенконун чыгуусун талап кылышкан. “Мекен шейиттери” кыймылы 7-апрелде каза тапкандардын жакындары тарабынан уюшулган.
Ал эми Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаев элчиликтин тажрыйбасына ылайык Кыргызстандагы Беларус элчилигинин кызматкерлери Минскиге кеңешүүгө жана пикир алышууга кетиши мыйзам ченемдүү көрүнүш экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG