Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:34

Нью –Йоркто ишке ашпай калган жардырууга байланыштуу бир нече адам кармалды


Бул тууралуу бүгүн Конгресстин юридикалык комитетиндеги угуу учурунда АКШнын укук коргоо органдарынын жогорку даражалуу өкүлдөрү билдиришти. Башкы прокурор Эрик Холдердин айтымында, Нью-Йоркто жардыруу жасоо аракетине байланыштуу камакка алынган адамдар саны бир нече. Мурдараак АКШнын юстиция министрлиги федералдык камакта эки адам отургандыгын маалымдаган. Бул иш боюнча камалган негизги айыпкер, АКШнын теги боюнча пакистандык жараны Файсал Шахзад Пакистанда атайы машыгуудан өткөнүн моюнга алган. Ал Нью-Йорктун Таймс – сквер аянтына дүрмөттөлгөн автоунааны 1-май күнү калтырып кеткен болчу. Америкалык тергөөчүлөрдүн эсебинде, Файсал Шахзад пакистандык талибдер менен байланышта турган.

XS
SM
MD
LG