Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:58

М.Конгантиевге Москвада операция жасалышы керек


Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Дамира Ниязалиева “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиевдин саламаттыгын текшерүү боюнча 11 адамдан турган комиссия түзүлгөн. Комиссиянын мүчөсү академик, нейрохирург Миталип Мамытов экс-министрдин саламаттыгы начар болгонун, Кыргызстанда анын башына операция жасоо ийгиликтүү өтөөрү күмөн туудурарын айткандан кийин комиссия М.Конгантиевге Москвада операция жасалсын деген чечимге келген.

Дамира Ниязалиева ошондой эле Молдомуса Конгантиев жакын арада Москвадагы ооруканалардын биринде операция жасатууга кетерин белгиледи.

Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиев 7-апрелде Таластагы митингди басуу үчүн барып, бийликке каршы көтөрүлгөн элдин колуна түшүп, бейтааныш адамдар тарабынан катуу токмоктолгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG