Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

А.Бекназаров: Ү.Сыдыков түштүктө контрреволюциячыл күчтөрдү уюштурган


Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаров улуттук сыналгыдан сүйлөгөн сөзүндө өлкөнүн түштүгүндөгү тополоң окуялар үчүн Үcөн Сыдыковду күнөөлөдү. 13-майда кечинде улуттук сыналгы анын Бишкекте жана өлкө түштүгүндө убактылуу өкмөткө каршы адамдарды тукуруп, бийликти алууга үндөп сүйлөп жаткан телефондогу сөздөрүнүн аудиокөчүрмөсүн уктурду. Ал телефондогу сүйлөшүү маалында убактылуу өкмөткө каршы күчтөрдү Азимбек Бекназаровду, Исмаил Исаковду жана Дүйшөн Чотоновду барымтага алууга чакырып, Жалал-Абаддын губернатору Бектур Асанов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп өз жагына тартуу жөнүндө тапшырмаларды берип жаткан экен. Убактылуу бийлик өкүлдөрү өлкөнүн түштүгүндө тополоң окуяларды уюштургандарды кармап жоопкерчиликке тартарын билдирүүдө. (КС)

XS
SM
MD
LG