Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:07

И.Масалиев маалымат жыйынын өткөрөт


Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыков менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү орун алганын моюнга алып, бирок аны туура эмес чечмеленди деп билдирди. Масалиев Убактылуу өкмөт өз пайдасына “эл душманын” тапканга аракет жасоодо деген оюн “Азаттыкка” айтты. Масалиевдин белгилешинче, муну менен Убактылуу өкмөт чек ара маселеси, күйүүчү майдын кымбаттап, мыйзамдардын иштебей жатышы сыяктуу суроолордон элди алагды кылып, күнөөнүн бардыгын башкаларга оодаруу максатын көздөөдө. Коммунисттер партиясынын төрагасы эгер аны күч органдары кармап кетпесе, түштө маалымат жыйынын өткөрө турганын кошумчалады.
Азырынча Кыргызстандын Башкы прокуратурасынан И.Масалиевге каршы кандайдыр бир доо коюлуп жаткандыгынын чын-төгүнүн тактоого мүмкүн болгон жок.
Бүгүн (14-майда) эртең менен Улуттук биринчи каналдан “Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун Оштогу митингдерге тиешеси бардыгы көрсөтүлгөн жашыруун жазылып алынган телефондук сүйлөшүүлөрү калың журтка сунушталды.
Аудиодо Сыдыковдун Коммунисттер партиясынын төрагасы Исхак Масалиев жана башка адамдарга телефон чалып, баш аламандык уюштуруу, өкмөткө каршы митинг уюштуруу жаатында сүйлөшүүлөрү жана бир катар дайындоолорду жүргүзүү аракети камтылган.
(EK)

XS
SM
MD
LG