Бүгүн Бишкек шаардык соту О. Малеванаянын баш коргоо чарасын карайт. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдрасулова убактылуу өкмөт төрайымы Роза Отунбаевага шилтеме жасап “Азаттыкка” билдирди.
Мурдагы Президенттик катчылыктын башчысы Оксана Малеванаяга 304-берене боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып тагылып, Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында эле. Көз карандысыз укук коргоочулардын билдирүүсүндө, апрель окуяларынан кийин камакка алынгандардын саны жыйырмадан ашты. (EK)