Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Бакыт Орунбеков “Кыргыз Туусу” гезитинде баш редактордун кызматына киришти


Бүгүн “Кыргыз Туусу” гезитине баш редактор болуп дайындалган Бакыт Орунбеков кызматына расмий киришти. Жаңы баш редакторду гезиттин эмгек жамаатына Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынын өкүлдөрү Болот Жумабаев жана Авланбек Жумабеков алып барып тааныштырды.

Бакыт Орунбеков “Кыргыз Туусу” гезитине ушуну менен экинчи жолу жетекчилик кызматка келип жатат. 2005-жылы март ыңкылабынан кийин ал аталган гезитке баш редактор болуп дайындалып, 2006-жылы өкмөттү сындаган курч материалдарды жарыялаган үчүн премьер-министр Феликс Куловдун кысымына алынып, бошоп калган.

Бакыт Орунбеков Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Алгачкы жылдары “Ленинчил жаш”, “Майдан”, “Кутбилим” гезиттеринде, андан кийин Тышкы иштер министрлигинде иштеген. Кийинки жылдары “Акыйкат”, “Фергана” гезиттеринин баш редактору болуп иштеген. Соңку мезгилде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде окутуучу болуп эмгектенип келди.

XS
SM
MD
LG