Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Жалал-Абаддагы тополоң окуядан бир киши мерт болду


Соңку маалыматтарга караганда, Жалал-Абададгы бүгүнкү окуяларда жараат алгандардын бирөөсү каза тапты. Анын аты-жөнү азырынча тактала электигин аймактагы кабарчыбыз билдирди. Мындан сырктары дагы үч адамдын абалы оор экени кабарланууда. Жалпысынан бул шаардагы бүгүнкү окуяларда 38 киши жараат алып, алардын он тогузуна ок тийгени белгилүү болду.

Жала-Абадда бүгүн бакиевчилер менен убактылуу өкмөт тарапкерлери кыгылышып, ортодо ок атылып, таштар ыргытылган эле. Акыркы ок атышуулар мындан жарым саат мурун болду. (EK)

XS
SM
MD
LG