Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:01

Казакстан: Марат Бакиевдин Алматыда экени төгүн


Казакстандын Улуттук коопсуздук кызматы мурдагы президент Курманбек Бакиевдун уулу Марат Бакиевдин Алматыда экендиги тууралуу маалыматты четке какты. Бул тууралуу казак маалымат каражаттары жазып чыгышты. Бүгүн Казакстандын УККсынын басма сөз катчысы Кенжебулат Бекназаров "Интерфакс-Казахстан"агенттигине Кыргызстандык УКМКнын убактылуу жетекчиси Кеңешбек Дүйшебаевдин Марат Бакиев Алматыда деген билдирүүсүн төгүндөгөн. Казак тарап Кыргызстандын туштүгүндөгү тополоңдорго каржылык колдоо Алматыдан келип жатат деген маалыматты да четке кагат. (EK)

XS
SM
MD
LG