Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:28

Түштүк Кореянын деңиз күчтөрү эскертүү иретинде ок ачты


Түштүк Корея армиясынын башкы штабынын билдиргенине караганда, эскертүү огу коңшу Түндүк Кореянын кайыктары деңиздеги чек араны бузуп, алардын аймактык сууларына кирген соң атылган. Ок атылган соң Түндүк Кореянын кайыктары артка кайтып кеткен. Окуя быйыл 26-мартта Түштүк Кореянын кемеси шектүү жагдайларда чөгүп кеткен аймактан анча алыс эмес жерде болду. Айрымдардын болжолунда ал Түндүк Кореянын кемеси тарабынан чөктүрүлгөн. Бирок Сеулдагы расмий өкүлдөр бул окуя үчүн Түндүк Кореяны ачык айыпташкан эмес.

XS
SM
MD
LG