Клотильда Рейссти бүгүн Парижде француз президенти Николья Саркози кабыл алды жана анын бошотулуусундагы активдүү ролу үчүн Бразилия, Сирия, Сенегалдин лидерлерине ыраазылык билдирди. Француз тилинен сабак берген Рейсс Иранда былтыр июлдагы элдик толкундоолор учурунда кармалган эле. Иран бийликтери аны тыңчылык кылганы жана ошол нааразылык акцияларына аралашкандыгы үчүн айыпташкан. Анын адвокатынын билдиргенине караганда, 285 миң доллар айыппул төлөнгөндөн кийин сот Рейсстин Иранда кетүүсүнө жол ачкан чечим чыгарды. Иранда былтыр жайда орун алган ири нааразылык акциялар калктын бир бөлүгү азыркы президент Махмуд Ахмадинежад жеңүүчү деп жарыяланган шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондугу менен байланыштуу. Француз жаранынын Иранда кармалышы Париж менен Тегерандын мамилесиндеги чыңалууну күчөткөн.