Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Кытай АКШ өкмөтүнүн акцияларын көп сатып ала баштады


АКШнын финансы министрлигинин маалымдашынча, Кытай акыркы алты айда биринчи жолу АКШ өкмөтүнүн баалуу кагаздарын сатып алууну көбөйттү жана март айында американын өкмөттүк акцияларын мурдакыдан 2 процентке көп сатып алган. Талдоочулардын сөзүнчө, Кытайдын бул кадамы АКШнын фондулук биржасынын жандануусу жана Грекиядагы кризистен улам Европа монетардык союзунун келечегине болгон кооптонууга байланыштуу. Кытай АКШ финансы министрлигинин акцияларынын эң чоң кардары. Экинчи орунда Япония турат. Япония да март айында АКШнын өкмөттүк баалуу кагаздарын сатып алууну 2 процентке көбөйткөнү маалымдалды.

XS
SM
MD
LG