Латын америкалык «Меркосур» уюму менен 800 миллион калкы бар эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүү баштоодо. Мадридде жаңы ачылган Евробиримдик, Латын Америка жана Кариб өлкөлөрүнүн саммитинде Еврокомиссиянын президенти Хозе Мануэл Бароссо «бул сүйлөшүүлөрдүн максаты дүйнөдөгү эң бир ири эркин соода аймагын түзүү» экендигин белгиледи. Бразилия, Аргентина, Уругвай, Парагвай кирген «Меркосур» уюму менен Евросоюздун эркин соода сүйлөшүүлөрү 2004-жылы токтоп калган эле.