Ак Үй Ирандын ядролук отун алмашуу боюнча жаңы жетишилген макулдашуусуна АКШ жана анын шериктери «олуттуу» камтама болуп жаткандыгын билдирди.
Ак Үйдүн маалымат катчысы Роберт Гиббс кабарчыларга буларды баяндады:
– Иран чала байытылган уранын сыртка алып чыкса жакшы деңизчи. Бирок бул сунушта Тегерандын уран байытууну 20 пайызга көбөйтүү тууралуу буга чейинки жарыясына түшүндүрмө берилген эмес.
Бириккен Улуттардын маалыкат катчысы Мартин Несирки да Түркия менен Бразилия арачы түшүп жетишилген макулдашууну «жылыш» катары мүнөздөп, бирок Тегеран БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюцияларын аткарышы керектигин эскертти. Орусиянын президенти Дмитрий Медведев да макулдашууну колдогон менен, ал эл аралык коомчулукту толугу менен канааттандыра албашы мүмкүн деди.