Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:44

Билим берүү тармагынын кесиптик биримдигинин курултайы болот


19-майда өтүүчү курултайда Билим берүү тармагынын кесиптик биримдик (профсоюздук) уюмунун төрагасын шайлоодо мурдагы төрага Асылбек Токтогулов өзүнүн тарапкерлигин коюусуна каршы болуп жатышканын Кыргыз техникалык университетинин кесиптик биримдик уюмунун башчысынын орун басары Кубанычбек Койчуманов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Билим берүү тармагынын кесиптик биримдик уюмунун төрагасы Асылбек Токтогулов буга чейин К.Бакиевдин саясатын активдүү үгүттөп, шайлоолорду бурмалоого салым кошкондордун бири. Ал ошондой эле Билим берүү тармагынын кесиптик биримдик уюмуна жылыга 4 миллион сомго жакын мүчөлүк акы төлөнөрүн, ал каражаттар кандайча колдонулары тууралуу маалымат берилбестигин белгиледи.
Билим берүү тармагынын кесиптик биримдик уюмунун аппаратынан К.Койчумановдун дооматында негиз жоктугун, 19-майда курултайда кесиптик биримдик уюмунун төрагасын делегаттар шайлашарын билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG