Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Кыргызстанга 20 млн. доллар грант келди


Бул тууралуу Орусиянын Кыргызстан менен байланыштарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү Владимир Рушайло Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен жолугушууда билдиргенин Убактылуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Ошондой эле В.Рушайло жакын арада Орусиядан 30 миллион доллар жеңилдетилген насыя Кыргызстанга келерин белгилеген.
Ал 15-майда Убактылуу өкмөт жетекчиси Р.Отунбаева менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы кызматташуу жана Кыргызстандагы туруктуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулаган. 13-майда орус президенти Д.Медведевдин буйругу менен Владимир Рушайло Орусиянын Кыргызстан менен байланыштарды өнүктүрүү боюнча атайын өкүлү болуп дайындалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG